Абдил Сегизбаев абактан айып төлөө менен чыгарылган

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев ”Белизгейт” ишине байланыштуу  төрт миллион сом айып төлөп берүү менен абактан чыгарылды.   

Бул тууралуу Абдил Сегизбаевдин адвокаты Кайсын Абакиров мындай деп билдирди:

-Биздин кардар, УКМКнын экс-төрагасы Сегизбаев Абдил Кеңешович эркиндикке чыкты.

Конституцияга ылайык, адам өмүрү эң жогорку баалуулук, бирок эркиндиксиз жашоо эч кимге кереги жок. Анын үстүнө Абдил Сегизбаев операцияга чейинки медициналык даярдыктан өтүүгө тийиш.

Биздин команда акталыш үчүн эбегейсиз көп иштерди жасады, бирок биздин кардар ден-соолугуна байланыштуу мүмкүн болушунча тезирээк эркиндикке чыгууну чечти.

Ошондой эле, баарыбыз биригип, өлкөнүн жогорку жетекчилиги – Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровду укуктук жана гүлдөгөн Кыргызстанды курууга багытталган фундаменталдуу реформаларды жүргүзүүдө колдошубуз керек деп айткыбыз келет, -деди анын адвокаты.  

Биринчи май райондук соту Абдил Сегизбаевди кылмыш кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») 4-бөлүгү менен күнөөлүү деп тапты. Ага 4 миллион сом айып пул салганы жана үй камагына чыгарганы белгилүү болду.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев бмр жыл мурда «Белизгейт» фактысы боюнча кармалган.

2021-жылдын 14-январында Жогорку Кеңеш депутаттары Алмамбет Шыкмаматовду, Аида Салянованы жана Өмүрбек Текебаевди эл алдында дискредитациялоо менен аларды кылмыш жасагандыгы жөнүндө атайылап айыптап, жаманатты кылгандыгы боюнча чара көрүү жөнүндөгү Шыкмаматовдун мурдагы арызы боюнча Башкы прокуратура тарабынан жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен сотко чейинки өндүрүш иши катталган.

«Белизгейт» деп аталган иши менен УКМКнын мурдагы төрагасы Сегизбаевдин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы жана башка мыйзамсыз аракеттери боюнча Аскер прокуратурасы жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан аталган сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлгөн. Сегизбаевдин жогорудагы кылмышты жасагандыгы тууралуу жетиштүү далилдер топтолуп, Жазык кодексинин 98-беренесинин негизинде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу жайына камалган.

2021-жылдын 20-январында Башкы прокуратура тарабынан Абдил Сегизбаевге кылмыш иши жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгүндө (Коррупция) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталганы маалым болгон.

Абдил Сегизбаев өзүнө карата козголгон кылмыш иши жазык кодексинин «Коррупция» беренесине дал келбей турганын жана бул саясий өч алуу экенин билдирген

Сегизбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагалык кызматынан 2018-жылы 7-апрелде Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен бошотулган.

УКМК экс-төрагасы Сегизбаев 2021-жылы 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого талапкер катары катышып, атаандашы Садыр Жапаровдун дарегине курч сын-пикирлерди айтып келген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты