#Детектор: Басма сөз күнүнө карата өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына анализ

7-ноябрда Кыргызстанда Маалымат жана басма сөз күнү белгиленди. Бул күнгө карата бир катар мамлекеттик мекемелер жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн майрам уюштуруп, президент баштаган бийлик өкүлдөрү куттуктоо жолдошту.

Анткен менен быйыл басма сөз күнү жалпыга маалымдоо каражаттарына жана журналисттерге кысым күчөп, алардын ишмердүүлүгүн чектөөгө жол ачары айтылган мыйзам долбоорлору каралып жаткан учурга туш келди. 

“Клооп” басылмасын жабуу аракети

28-августта Бишкек шаардык прокуратурасы Октябрь райондук сотуна “Клооп” басылмасын жабуу боюнча арыз жазган. 

Анда “Жарыяланган материалдардын көбү негативдүү, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрүн дискредитациялоого багытталган. Азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтар басымдуулук кылат” деп айтылган.

23-октябрда Октябрь райондук сотунда иш боюнча алдын ала угуу аяктады. Сот эми соттук териштирүүгө өтөт.

13-сентябрда “Клооптун” сайты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Маданият министрлигине жазган арызынын негизинде Кыргызстандын аймагында бөгөттөлдү. Атайын кызматтын арыз жазуусуна аталган медианын абактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун катын жарыялаганы себеп болгон. 

Басылманы жабуу аракетин эл аралык уюмдар, көз карандысыз ЖМКлар жана жарандык активисттер сөз эркиндигине болгон басым катары баалашты. Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигинин “Клооп Медиа” мекемесин жабуу аракети боюнча тынчсыздануусун билдиришти. Алар Кыргызстандын бийлигин медианы жоюу тууралуу арызын артка кайтарып, көз карандысыз репортаждары жана иликтөөлөрү үчүн куугунтуктоону токтотууга чакырышты.

Медиаэксперт Марат Токоев “Клоопту” жабуу аракети сөз эркинидигине болгон кысымдын уланып жатканы деген пикирин билдирди. Ал чыныгы журналистиканын миссиясы түз жолдон тайып бараткан кадамдарды туура жолго салуу экенин белгиледи.

“Клооп” – Кыргызстандагы бирден бир күчтүү медиалардын бири. Аны сын-пикир айткан үчүн жабуу бул сөз эркиндигине болгон кысымдын уланып жатканы. 

Албетте, күчтүү медианы жаап жатканы бизди ойлондурбай койбойт. Кийинкиде башкалар сөз айтмак түгүл, ойлонгондон дагы коркуп калат болуш керек. 

Келтирилген жүйөөлөр дагы акылга сыйбаган, күлкүлүү болуп жатат. Негизи журналистиканын миссиясы түз жолдон тайып бараткан нерселерди көрсөтүп, сындап, туура жолго салып туруу болуп саналат. Өзүнүн ишин аткарган үчүн “Клоопту” күнөөлөгөн туура эмес. Мындай нерсе уланып кете берсе бийликтин өзүнө жаман болот. Бийлик “кылып жаткан кадамдарым туура экен” деген таризде калып, туура эмес кадамдарга барып алышы мүмкүн. Өздөрүнө кыянаттык кылып жатышат.

 Чыныгы дос күйдүрүп айтат дегендей, “Клоопту” кыргыз элинин душманы катары көрсөтүү туура эмес. “Клоопту” жаап койсо алар иштебей калат дегенден алысмын, алар ишин уланта беришет. Себеби, интернетти толук жабууга мүмкүн эмес”.

“Клооптун” тарыхы

“Клооп” басылмасы 2007-жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. 

“Клооп” Кыргызстандагы эң көп окулган медиалардын бири. Басылма интернеттеги платформаларында да өзүнүн окурмандарын, көрөрмандарын топтоого жетишкен. Учурда кыргызча жана орусча Youtube каналдарында жалпы 188 миң, Инстаграмда 123 миң, Телеграмда 7 миңден ашуун катталуучусу бар.

Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрдү жасап, эл аралык сыйлыктарга татыган. Алардын арасында “Азаттык” радиосунун, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун” (OCCRP) жана Kloop порталынын “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо” жана “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген иликтөөлөрү болгон.  Анда Кыргызстандын Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов көмүскө схеманы түзгөнү, Хабибула Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы айтылган. 

“Клооптун” эң акыркы иликтөөлөрүнүн биринде мамлекеттин жерине “Барселонанын” академиясынын имаратын салууга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин балдары жана мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын аралашып жатканы айтылган.

Материал жарыялангандан көп өтпөй президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине түшүндүрмө берген. Анда өлкө башчысы “Клооп” жана башка сайттарга кайрылып, алар жалаң негатив жазып, инвесторлорду үркүтүп жатканын айткан

Клооптун “Ашар” аттуу долбоору дагы бар. Анын алкагында өлкөдөгү таза суу маселесин чечүүгө, кыргыз тилдүү жарандарга англис тилин үйрөтүүгө, мамлекеттик сатып алууларды мониторинг кылууга жана шайлоодо байкоо жүргүзүүгө багытталган иштерди алып барышат. 

Сөз эркиндигине болгон басым

2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков мөөнөтүнөн мурда бийлигин тапшырып, Садыр Жапаров президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ал эми 2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоодо Жапаров добуштардын 71,2%н алып, расмий түрдө президент болуп шайланган. 

2022-жылдын апрель айында “ПолитКлиника” медиасынын журналисттери бийлик алмашкандан кийинки өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалын анализдеп чыгышкан. Анализдин жыйынтыгында Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин сөз эркиндигине болгон басым күч алганы белгилүү болгон.

Андан берки бир жарым жыл ичинде абал жакшырбаганы байкалат. Буга “Азаттык  Медианы” жабуу аракети, иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн күчтөп чыгарылышы жана ЖМКлардын ишмердүүлүгүн чектөөгө алары айтылган чуулгандуу мыйзам долбоорлорунун сунушталып жатканы далил.

Өткөн жылы “Азаттык” медиасынын сайты “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамынын негизинде бөгөттөлүп, 9 ай Кыргызстандын аймагында ачылбай турду. Кийин Маданият министрлигинин арызынын негизинде “Азаттыктын” жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу аракети болду. 

Ошол эле жылы ноябрда иликтөөчү журналист Болот Темиров өлкөдөн күчтөп чыгарылды. Ага карата кылмыш иши 2022-жылдын башында козголуп, “маски-шоу” менен коштолгону дагы белгилүү. Темиров башында мыйзамсыз маңзат сактоого айыпталып жатканы болсо, кийин ага карата Кылмыш-жаза кодексинин “Документтерди жасалмалоо” жана “Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” беренелери боюнча дагы иш козголгон.

Сот журналистти эки эпизод менен актап, үчүнчү иш боюнча күнөөлүү деп тапкан. Бирок кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу Темиров жазадан бошотулган. Буга карабай апелляциялык стадияда шаардык сот Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарган. 

Болот Темиров бул иш аракеттерди өзүнүн журналисттик иликтөөлөрү менен байланыштарган. Себеби, “Темиров Лайвдын” журналисттери бул окуяларга чейин бир нече чоң иликтөөлөрүн жарыялашкан.

2023-жылдын февраль айында ЭлТР мамлекеттик телеканалы  “ПолитКлиника” медиасынын үстүнөн сотко арыз менен кайрылган.  Буга “ПолитКлиника” медиасынын ЭлТРдин “Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес” дегени калп” деген тема менен жарыялаган материалы себеп болгон. Анда “ПолитКлиника” ЭлТРдин “Кайсы президент энергетикага көп карыз алган?” аттуу сюжетин анализдеп, андагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген. 

Бул материал жарыяланган соң ЭлТР “ПолитКлиниканы” жалган маалымат таратууга айыптап, телеканалдын жана анын кызматкерлеринин кадыр-баркына доо кетиргенин айтып, аталган материалды интернет желесинен алып салууну жана анда айтылган маалыматтарды төгүндөөнү талап кылган. Моралдык зыян катары ЭлТР соттон “ПолитКлиника” редакциясынан 7 миллион сом, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 миллион сом, жалпы 10 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн. 

25-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда ЭлТРдин “ПолитКлиника” медиасына каршы доо арызы боюнча чечим чыгып, сот доогердин суранычын жарым-жартылай канааттандырды

Басма сөз эркиндигинде 50 позиция артка

Эл аралык “Чек арасыз кабарчылар” уюму жыл сайын сөз эркиндигинин абалына сереп салып, рейтинг түзүп келет. 2022-жылга карата, Кыргызстан басма сөз эркиндиги индексинин дүйнөлүк рейтингинде 180 өлкөнүн ичинен 72-орунда турган. Бирок 2023-жылга карата былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 өлкөнүн ичинен 122-сапка жайгашкан

Freedom House эл аралык уюмунун “Дүйнөдөгү эркиндик — 2023” докладында Кыргызстан үчүнчү жыл катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кирди. 

Уюмдун Европа жана Евразия боюнча улук илимий кызматкери Майкл Смельцер Кыргызстанда “Азаттыкка” болгон куугунтук жана Болот Темировдун депортацияланышынын мисалында сөз эркиндигине кысым болуп жатканын байкашканын айткан.

Саясат талдоочу Эмилбек Жураев сөз эркиндиги, демократия оболу коомчулукка абадай керек экенин түшүнүшү абзел экенин айтат

“Тилекке каршы, акыркы кезде Кыргызстандын бийлиги эл аралык уюмдардын, топтордун үн катканына кулак салбай, анын эч кандай кесепети болбойт дегендей көз карашты карманып жатат. Албетте, бул адашуу. Акыркы мезгилде согуштун алкагында дүйнөдө адам укугу деген сыяктуу чоң темалар көтөрүлүп жатат. Жакынкы келечекте бул чоң мааниге ээ болот. Ушул кырдаалда Кыргызстан кандай баалуулуктар менен таанылып жатканы маанилүү. Кыргыз бийлиги саясий, экономикалык, инвестициялык кесепетин ойлонушу керек. Бирок, кыргызстандыктар үчүн азыр жана эртең кандай коомдо жашайбыз ошол маанилүү. Эркиндик дегендин орду кайда болот?”, — деген Эмилбек Жураев. 

“Чет элдик өкүл” мыйзамы

Ушул жылы 19-майда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана “Кылмыш-жаза кодексине” түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. 

Бир катар эл аралык уюмдар «чет өлкөлүк өкүл» долбоорун четке кагуу боюнча кыргыз бийлигине кайрылышкан.

13-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын өкүлү Равина Шамдасани кыргыз бийлигин бул мыйзам долбоорун четке кагууга чакырган.

Ал сунушталган мыйзам долбоору жарандык уюмдардын ишине, сөз эркиндигине жана адамдардын кайсы бир уюмга мүчө болуу укугуна шек келтирерин айткан. 

25-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына депутат Надира Нарматова “Чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам долбоорун алып чыкты. Мыйзам долбоору биринчи окууда талкуусуз кабыл алынды. 


Иллюстрация: The Economist

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты