8-декабрда: Көпчүлүк аймактарда жаан жана кар жаашы күтүлөт
- 1 месяц мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 8-декабрда, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7;
Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7;
Баткен облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7;
Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз +1…+6;
Бишкек шаарында күндүз жаан жана кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн 0…-2, күндүз +7…+7 градус жылуу.
Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 8-декабрында күндүз жана 9–10-декабрда өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым аймактарда жаан-чачын күчөшү күтүлүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»




