Элчи Текебаев Берлинде советтик жоокерлердин эстеликтерине гүлчамбар коюу аземине катышты

  • 3 месяца мурун

9-майда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына карата Берлин шаарында Тиергартен жана Трептов паркында курман болгон советтик жоокерлердин эстеликтерине гүлчамбар коюу аземине катышты.

Бул тууралуу тышкы иштери министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Бул күнү Элчи Өмүрбек Текебаев Азербайжан, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандын элчилери, ошондой эле башка чет мамлекеттердин өкүлдөрү жана аскер атташелери менен бирге Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон советтик жоокерлердин элесин мүнөттүк унчукпай туруу менен эскерди.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын элчилери курман болгон советтик жоокерлерге куран окушту.

Кечээ, 9-майда, Улуу Ата Мекендик согушта жеңиштин 79 жылдыгы белгиленди.

Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты