6-октябрда Бишкектин айрым көчөлөрүндө ысык суу өчүрүлөт
- 3 месяца мурун
Бишкекте 6-октябрда саат 9:00дөн 18:00гө чейин Гоголь көчөсүндөгү жылуулук түйүндөрүндөгү суу түтүктөрүн орнотууга байланыштуу бир катар көчөлөрдө ысык суу берүү токтотулат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Ысык суу:
— Гоголь көчөсү 114, 116/2, 116, 116/1, 179, 191, 133 (медициналык борбор);
-Фрунзе көчөсү, 300, 423, 425, 429б (отель «Достук»);
-Жумабек көчөсү, 64, 83, 79/1 (детский сад);
-Семашко көчөсү, 5, 7, 9 даректеринде эртең аталган убакыттарда болбойт.
«Бишкек жылуулук түйүндөрү» ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




