Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын айрым райондорунда 6-ноябрда ичүүчү суу саат 8:00дөн 12:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Суунун өчүрүлүшү — суу түтүктөрүндөгү авариялык кырдаалга байланыштуу.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет: Осмонкул көчөсү Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейин.

«Бишкек суу канал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар  үчүн кечирим сурайт жана ишканаларды, тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты