Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 млн доллар бөлүп берет

  • 2 года мурун

Дүйнөлүк банк Баткен облусун калыбына келтирүүгө жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө 50 млн доллар бөлүп берет. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, каражаттын жарымы грант, калган жарымы насыя түрүндө берилет. Пайыздык чен 0,75% түзөт.

Насыя 38 жылга берилип, анын 6 жылы жеңилдетилген мезгил болуп саналат. Министрдин орун басары Чоро Сейитовдун айтымында, аймакты өнүктүрүү долбоору 2027-жылга чейин коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан ишке ашырылат.

Кечээ, 18-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Баткен облусунда «Экономикалык региондук өнүктүрүүнүн экинчи долбоору» боюнча Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун карады. Баткенди өнүктүрүү долбоорун АРИСке берүү сунушун айрым депутаттар сынга алууда.

Комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдаров чукул чечим кабыл алуудан карманып турууну, АРИСтин ишмердүүлүгүн талдап чыгууну сунуштаган. Эл өкүлдөрү АРИСтин 2003-жылдан берки 19 жыл ичиндеги аткарган жумуштарын карап чыкмай болду.

Комитеттеги сунуш, пикирлерди эске алуу менен макулдашуунун долбоору колдоо тапты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты