Чек арадагы Борбордук айылында 225 окуучуга ылайыкташкан заманбап мектеп ачылды

  • 2 года мурун

Баткендин Лейлек районунун Борбордук айылында 225 окуучуга ылайыкташкан заманбап мектеп курулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мектептин ачылыш аземи кечээ, 4-апрелде өттү. Иш-чарага облус башчысы Абдикарим Алимбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, билим берүү мекемесинин курулушуна 65 млн сомго сарпталган.

Белгилей кетсек, 2021-жылы Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү максатында 8 социалдык объекттин курулуш иштерине жана капиталдык оңдоодон өткөрүүгө республикалык бюджеттен 250 млн сом бөлүнгөн.

Анын алкагында жогорудагы мектептен тышкары Лейлек районунун Кулунду айылында балдар бакчасы, Чурбек айылында дагы бир 225 орундуу типтүү мектеп ачылып, пайдаланууга берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты