Бишкекте медицина кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды

  • 2 года мурун

Бишкекте медицина кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен билдиришкендей, турак-жай борбор калаанын Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жатат. Үйдүн курулушу болжол менен 2023-жылдын апрель-май айларында бүтүшү мүмкүн. Буга чейин салынган 8 кабаттуу имараттын каркасын 12-кабатка чейин көтөрүү пландалууда. Курулуш иштери аяктаганга чейин турак-жай алуу тартиби аныкталат.

«Байтик Баатыр менен Абды Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишине ар бири 144 батирлүү алты үй салынат. Биринчисинин курулушу башталды. Түрк ишкерлери алып койгон жер болчу, ал жакка барып сүйлөшүп, министрликке өткөрүп алдым. Үйдү «Алтын балалыкты» салып жаткан балдар курууда», — деди саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Саламаттыкты сактоо министрлиги курулушу башталган турак-жай медицина кызматкерлери үчүн курулуп жаткан биринчи үй экенин билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты