Абактагы саясатчы Абдил Сегизбаевден рак илдети аныкталганы кабарланды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевден онкологиялык илдет аныкталганы белгилүү болду. Бул тууралуу 24.kg басылмасы адвокат Кайсын Абакировдун маалыматына таянып жазды.

Анын айтымында, Сегизбаевдин калкан безинде шишик бар экени аныкталган.

«Абдил Сегизбаевдин стенокардиясы туруксуз жана калкан безинде шишик бар. Бул диагноздор мамлекеттик медициналык мекемелер тарабынан берилген документтер менен тастыкталган. Сегизбаевге коюлган диагноздор өкмөт бекитип берген камакта кармоого уруксат бербөөчү оор илдеттердин тизмесине кирет. Андыктан жактоочу тарап сотко Абдил Сегизбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылмакчы», — деди Кайсын Абакиров.

Башкы прокуратура атайын кызматтын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге карата жалпысынан алты иш тергелип жатканын билдирген. Алардын ичинде “Белизгейт” окуясы, кызматтык батирлерди, бюджеттик акчаны бөлүштүрүү, жер тилкелери, энчилүү курал менен сыйлоо бар.

Сегизбаев мекемени 2016-2018-жылдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда жетектеген. Ал «Белизгейт» окуясы боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) негизинде 2021-жылы январда кармалган. Камакка алынардын алдында өзүнө карата козголгон иштерди “саясий өч алуу” деп атаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты