Саламаттык сактоо министри хирург Акрамов жетектеген илимий институт жабылганын билдирди

  • 2 года мурун

Эрнст Акрамов жетектеген Чүй облустук ооруканасындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий институту жабылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги Клиникалык тез жардам ооруканасына барган учурда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, институт толугу менен жабылды. Аны жетектеп келген 85 жаштагы Акрамов кызматтан алынып, мекемеге жаңы башкы дарыгер дайындалды.

4-февралда Алымкадыр Бейшеналиев Травматология жана ортопедия илимий борборунун директору Сабырбек Жумабековду кызматтан бошоткон. Борбор жоюлуп, ордуна Клиникалык тез жардам ооруканасы иштей баштарын билдирген. Андан бери бир нече жолу жетекчиси алмашып, Памир Муратов 14-февралда жетекчинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Травматология жана ортопедия илимий борбору Клиникалык тез жардам ооруканасы болуп өзгөртүлгөндөн кийин директорлук кызмат жоюлган. Оорукананы башкы дарыгер жетектейт.

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий борбору ооруларды реабилитациялоо жана илимий багыттагы дарыгерлерди даярдоо максатында 2004-жылы Бишкек шаардык №4 оорукансынын базасында түптөлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты