Активист Мирлан Ураимов эч жакка кетпөө тил каты менен үй камагына бошотулду

  • 2 года мурун

Бүгүн, 9-мартта Бишкек шаардык коллегиалдык соту активист, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовду эч жакка кетпөө тил каты менен үй камагына бошотуу чечимин кабыл алды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат Ураимовду 8-февралда Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” беренеси менен айыптап кармаган.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, ал ушул беренеде каралган кылмыштын белгилери бар материалдарды социалдык тармактарда таратуу фактысы боюнча алынган далилдердин негизинде айыпталууда.

Биринчи май райондук соту Ураимовду 10-февралда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына эки айга камаган.

18-февралда Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Арык айылында активист Мирлан Ураимовду колдогон акция өткөн.

Мирлан Ураимов “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү. Партиялаштары ал оппозициялык саясий көз карашы үчүн кармалганын айтып келет.

Ураимов 2021-жылы Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кемпир-Абад” суу сактагычынын плотинасын Өзбекстанга берүү тууралуу макулдашууга каршы нааразылык акцияларын уюштургандардын бири.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты