Кызыл-Жардагы психиатриялык оорукананын башкы дарыгери иштен алынды

  • 2 года мурун

Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар 12 шаарчасындагы Республикалык психиатриялык оорукананын башкы дарыгери иштен алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, башкы көзөмөл органы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө аталган оорукананын жетекчиси Г.М.нын психикалык жактан жабыркабаган, адам өлтүрүүдө айыпталган жаранга карата соттук-психиатриялык экспертиза өткөрүп, сот органдарына мыйзамсыз сунуш бергени аныкталган.

Башкы прокуратура аталган фактынын негизинде Г.М.ны кызматтан бошотуп, саламаттык сактоо министрине дарыгерге карата катуу тартиптик чара көрүү сунушун берди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты