“Ошэлектр” ишканасынын мурдагы жетекчиси коррупцияга айыпталып кармалды

  • 2 года мурун

Башкы прокуратура “Ошэлектр” ачык акционердик коомунун мурдагы жетекчиси коррупцияга айыпталып кармалганын билдирди.

Башкы көзөмөл органы тараткан маалыматка караганда, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө 2016-2020-жылдар аралыгында аталган ишкананын жооптуу кызматкерлери электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгарып турганы тастыкталган.

Бул аракеттерден улам мамлекетке 134 млн 404 миң 877 сом зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Корруция”) боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү катары ишкананын мурдагы жетекчиси Д.Д.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кылмыш ишине тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган тергөө амалдары жүрүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты