Кайра шайлоо: мөөнөтүнөн мурда добуш берүү үчүн 1253 адам кайрылды

  • 2 года мурун

Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдарында кайра өтө турчу парламенттик шайлоо үчүн үйдөн добуш берүү арызы менен 1253 адам кайрылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

№27 Биринчи май шайлоо округу боюнча 114 адам ооруга, 207си карылыкка байланыштуу, ал эми 76 киши карылар үйүндө болгондуктан кайрылган.

№29 Свердлов шайлоо округу боюнча 421 шайлоочу оорусуна, 435и карылыгына байланыштуу арыз берген.

«Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок саламаттыгына же майыптыгына байланыштуу добушканага келе албаган адамдар үйүнөн добуш берсе болот. Аларды участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү көчмө урна менен үйдөн добуш бердирип кетет.

Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдарында 27-февралда кайра добуш берүү өтөт. БШК бир мандаттуу бул эки округдан жалпы 53 талапкерди каттаган. Биринчи май округунан 27, Свердлов округунан 26 талапкер бар.

2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо бул эки округда баарына каршы добуштар көп болгондуктан, кайра шайлоо дайындалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты