Исмаил Исаков Башкы прокуратурага суракка чакырылды

  • 2 года мурун

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Исмаил Исаков Башкы прокуратурага суракка чакырылды. Бул тууралуу 24.kg басылмасы өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Исаков суракка кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго карата козголгон кылмыш иши боюнча чакырылган.

Белгилей кетсек, январь айында Адахан Мадумаровко карата “Чыккынчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Мунун алдында башкы прокурор депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылган. Буга байланыштуу парламентте депутаттык комиссия түзүлүп, алар маселени бир айдын ичинде карап чыкмай болду.

Саясатчы 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган кезде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан тарта Башкы прокуратурада күбө катары бир нече жолу сурак берген.

Ал 2009-жылы Ош — Баткен — Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты