«Тынчтыкка шанс бергиле». БУУнун башкы катчысы Путинге кайрылды

  • 2 года мурун

Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш Орусиянын президенти Владимир Путинге Украинага аскер күчтөрүн киргизүүнү токтотуу чакырыгы менен кайрылды.

«Президент Путин, аскерлериңиздин Украинага чабуулун токтотуңуз. Тынчтыкка шанс бергиле. Ансыз да өтө көп адам курман болду», — деп жазган башкы катчы «Твиттердеги» кайрылуусунда.

Бүгүн, 24-январда Орусиянын президенти Владимир Путин Донбасста атайын аскердик оперция башталганын жарыялады. Ал оперциянын максаты Украинаны демилитаризация жана денацификация кылуу экенин жана «жайкын тургундарга каршы кандуу кылмыш кылгандарды» жазага тартуу экенин билдирди.

Украинада баш калаа Киев баштаган бир канча шаарда жардыруу жана атышуу болуп жатканы кабарланууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты