Таласта өгөй атасы тарабынан зордукталган 13 жашар кыздын кош бойлуу экени аныкталды

  • 2 года мурун

Талас облустук бириккен ооруканасына 13 жаштагы кош бойлуу кыз жаткырылганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кош бойлуу кыз облустук ооруканага 16-февралда жаткырылган. Текшерүү учурунда анын 27 апталык боюнда бар экени аныкталган. Мындан сырткары, бейтап кичине кезинен эле талманын (эпилепсиянын) оор түрүнө чалдыкканы белгилүү болгон.

Талас облустук ички иштер башкармалыгы аталган факты боюнча бейтаптын апасы 8-февралда арыз жазганын билдирди. Иликтөөнүн жыйынтыгында шектүү катары 45 жаштагы өгөй атасы кармалган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты