Бишкекте иликтөөчү журналисттердин форуму өтүп жатат

  • 2 года мурун

Бүгүн, 12-февралда Бишкекте маркум журналист Уланбек Эгизбаевди эскерүү иш-чараларынын алкагында иликтөөчү журналисттердин «Чындык» аттуу 2-форуму өтүп жатат.

Иш-чара Иликтөөчү журналисттер фонду жана «Интерньюс» уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурду.

Форумда Кыргызстандагы иликтөөчү журналисттер үчүн мүмкүнчүлүктөр, журналисттердин жеке, санарип жана укуктук коопсуздугунун көйгөлөрү, иликтөөнүн келечеги туурасында талкуулар жүрөт. Иш-чарага иликтөөчү журналисттер, медиа-эксперттер, маалымат агенттиктеринин өкүлдөрү катышууда.

Форумдун соңунда 2021-жылдагы Кыргызстандагы мыкты журналисттик иликтөөлөр үчүн Уланбек Эгизбаев атындагы ар жылы ыйгарылчу сыйлыкты тапшыруу аземи өтөт.

Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү — 12-февралда тапшырылат. Чыгаан журналисттин көзү тирүү болгондо быйыл 12-февралда 32 жашка чыкмак.

Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты