Сеидбек Атамбаев журналисттердин суракка чакырылуусу боюнча пикирин билдирди

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин 2-февралдагы жыйынында депутат Сеидбек Атамбаев ар кандай кылмыш ишинин алкагында журналисттердин суракка чакырылып жатышы боюнча пикирин билдирди.

«ЖМК өкүлдөрүнүн суракка чакырылуусуна жана журналисттердин куугунтукталуусуна жол берилбеши керек деп эсептейм», — деди Атамбаев.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук прокуратурасы Kaktus.media сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжал тууралуу маалыматка байланыштуу кылмыш ишин козгогон.

Көзөмөлдөөчү орган тараткан маалыматта «2022-жылдын 27-январында сайттагы макалада Кыргызстандын аскер кызматкерлери тажик тарапка биринчилерден болуп ок атып провокация кылды делген чындыкка дал келбеген маалымат чагылдырылган. Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси (“Согушту пропагандалоо, башкача айтканда, бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу”) менен кылмыш ишин козгогон. Белгиленген аракеттин мыйзамдуулугуна баа берүү үчүн Бишкек шаардык прокуратурасы тергеп жатат», — деп жазылган.

Kaktus.media талаш-талкуу, нааразылык жараткан маалыматы тууралуу түшүндүрмө берген. Анда ал кабар Тажикстандын Asia Plus басылмасынын көчүрүп жарыяланган маалымат (перепечатка) экендиги белгилүү болгон.

Редакакция материалды көчүрүп жарыялоодо кыргыз коомчулугуна тажик тарап кандай маалыматтык саясатты колдонуп жаткандыгын, Тажикстандын бийлиги катардагы жаранга окуяны кандайча баяндап жатканын көрсөтүүнү максат кылганын айтып, окурмандарынан кечирим сураган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты