Башкы прокуратура: «Кактус Медиа» жарыялаган маалымат боюнча тергөө жүрүп жатат

  • 2 года мурун

Башкы прокуратура чек ара жаңжалы тууралуу «Кактус Медиа» интернет-басылмасында жарыяланган маалыматтын мыйзамдуулугуна баа берүү боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, 27-январда кыргыз-тажик чек арасында орун алган жаңжалды чагылдырууда Kaktus.media сайты тажикстандык ASIA-Plus басылмасынын материалын кайталап (перепечатка) жарыялаган.

«Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси (“Согушту пропагандалоо, башкача айтканда бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу”) боюнча кылмыш иши козголгон.

Белгиленген аракеттин мыйзамдуулугуна баа берүү үчүн Бишкек шаардык прокуратурасы тергөөнү улантып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Kaktus.media материалды көчүрүп жарыялоодо кыргыз коомчулугуна тажик тарап кандай маалыматтык саясатты колдонуп жаткандыгын, Тажикстандын бийлиги катардагы жаранга окуяны кандайча баяндап жатканын көрсөтүүнү максат кылганын айтып, окурмандарынан кечирим сураган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты