Мамлекеттик башкаруу академиясына Жусуп Абдрахмановдун ысымы ыйгарылды

  • 2 года мурун


Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына (АГУПКР) белгилүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун атын ыйгаруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, аталган окуу жай мындан ары «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы” деп аталат.

«Жарлык кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгына арналган мааракелик иш-чаралардын алкагында жана анын кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүгө жана калыптандырууга кошкон тарыхый зор салымын эске алуу менен иштелип чыккан», — деп айтылат президенттик администрация тараткан маалыматта.

Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы — мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн кадрларды даярдоочу окуу жай болуп саналат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты