Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнөн

Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгү 1920-1930- жылдары жазылганына карабастан, бүгүнкү күндө да замандаштарыбыздын кызыгуусун жаратып келет. Бул жасалмасыз, ачык-айрым жазылган, бир адамдын күнүмдүк турмушу, өз элинин чыныгы патриотунун, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башатында турган жетекчинин тагдыры. Баа жеткис, тарыхый күндөлүктү журналистибиз Айгүл Бакеева которгон жана  2015-жылдын март айынан тартып “ПолитКлиника” гезитине жарыяланган.  Күндөлүктүн башталышынан үзүндү менен таанышып коюңуздар.

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ. КҮНДӨЛҮК

1928-жыл

Москва. 18. 08. 1928

Тагдырдын жазмышы менен тарыхый зор окуянын күбөсү болуп калдым. Ошондуктан күнүгө өзүң көргөндөрдү, башыңан кечиргендерди, кайрадан жан-дүйнөңдөн өткөргөн нерселерди жазып калтыруу тарыхый жагынан алганда кызыктуу болбой койбос. Бул аруу тилекти күндөлүк жазуу менен жүзөгө ашырсаң болот, ошол себептен мен күндөлүк жазууга аракет жасайын. Чынында оюмду бир топ эле кечигип ишке ашыра баштадым, бирок “эч болбосо кеч болсун”.

Менин күндөлүгүмө…

Азыр сен менин жападан- жалгыз, баарынан ишенимдүү, дегеле унчукпаган досумсуң. Кайсы бир мезгилге чейин сен мага ишенимдүү дос болоорсуң. Бирок менин колумда турганыңда гана мен сага ишенем, ал эми чоочун колго тийгениңде, балким, кыянаттык кылып кетээрсиң. Сени сатып кетпейт деп айта албайм, бирок кандай болгон күндө да сенден дегеле эч нерсени жашырбайм. Ой-толгоолорум, сар-санаам тууралуу саясий ишмер катары эле эмес, жөн эле катардагы пенде катары да айтып берейин.

Бир гана өкүнүчтүү жагы—сен угуп гана тим болуп, бирок жооп бере албаганың. Жараткан маңдайыма жалгыздыкты, кандай гана кыйынчылык келбесин, ар дайым андан жол таап чыгып кетүү түйшүгүн буюрган окшобойбу, бирок “мына шундай” тагдырыма моюн сунууга туура келет.

Досум! Сага айткандарымды жан адамга айтпашың керек. Менин көзүм тирүү турганда мен сага ушундай талап коём, ал эми көзүм өткөндөн кийин жазгандарымды кимдерге айтсаң, кандай айтсаң, ал жагын өзүң бил. Анда эмесе, менин ой-толгоо, баянымды, башыман нелер өттү, келечекте мени нелер күтүп турат, баарысын тыңдап тур.

19.08.1928

Баштан өткөндөр тууралуу азыноолак баяным

Ташкенттен Москвага жетип келдим. Темир жол тилкеси тууралуу маселелер боюнча келе жатам. Маселе чечилип каларына ишене албайм, бирок бар же жок деген акыркы чечимди угайын деп келе жатам. Ушунум туура болор. Мени М.Н. узатып койду. Вокзалда бир жарым саат поезд күтүп, аны менен сүйлөшүп олтурдум. Экөөбүз көп нерселерди сүйлөштүк, бирок көбүнчө жеке турмуш тууралуу. Ал менин турмушумдагы, мен абдан жакшы көргөн, бекем достошуп жүргөн жападан-жалгыз адамым. Андан мен эч нерсени жашырган эмесмин жана жашырбайм дагы. Менин ар бир кыймылым, ойлорум, максатым—баары ага белгилүү, анткени өзүм ага баарын айтып берчүмүн жана айта бермекчимин.

Байкуш менин кыргыз калкым! Сен өз тагдырыңды жеке турмушун чече албаган, бирөөнү сүйүп калып, анын айынан сени менен коштошуп кеткени жаткан бактысыз бир балага ишенип, тапшырып койдуң.

Балдарым жана бир тууганым эмне болот? Эмне болмок эле, жашоо деген улана берет да. Токо, бир боорум! Сага абдан кыйын болор, күчүгүм. Чын эле мээм айнып калдыбы? Чын эле силер менен коштошуп кетип каламбы… баарын таштап кетип каламбы…? Мен күрөшүп келген, дагы эле күрөшүп жаткан нерселердин баарынан ал айым мага кымбатпы? Жок, жок… жана жок! Мен жашашым керек! Анткени эң кымбат адамыма жашап жана күрөшүү керек, аны менен бир жалпы ишке, революция үчүн күрөшүүгө убада бербедим беле. Ал дагы жакында биз жакка келип, мени менен, Лениндин армиясы менен бирге жалпы иш, революция үчүн күрөшүүгө, менин ишиме жана элдердин арасындагы эң бактысыз элдердин кызыкчылыгы үчүн күрөшүүгө убада бербеди беле?

Мен эмне болуп жатам? Түшүнбөйм.

Кош бол, досум! Эртең сөзүбүздү кайрадан улантабыз.

20.08.1928

Чырм этип алдым, бирок уйкум кадимкидей канып калыптыр. Баягы кыйын күндөргө кабылган убакта уктабай калганымдын кенемтесин толуктап алайын десем да болбоду. Бирок баары жайында. Шолом-Алейхимдин «Коммивояжерин» окуп жатам. Абдан кызыктуу экен, бирок еврей калкына мүнөздүү. Китеп окуп жатканым менен, оюм башкада, ал тууралуу ойлоно берем, оюм бир жерде болбой, эмне окуганымды деле түшүнбөй турам…

Сен жаман киши окшойсуң, Ж. Башкалардай болуп, неге сен өзүңдүн жеке турмушуңду чече албайсың, башкача айтканда неге жашооңдун мүнөтүн, күнүн санап турбайсың. Акыры мени бир ой чырмап турат, кайран гана менин шордуу калкым! Бакыйган бир уюмду жетектөөнү мага окшогон бир кемпайга тапшырып койдуңбу. Мен ушунча эле бир шүмшүкмүнбү, элдин ишенимине татыктуу боло албаймынбы? Жок, жок, антип айтканым туура болбос. Мен элимдин балдарынын эң начары эмес элем, ооба, эң начары эмес болчумун. Ал эми азырчы?

Азыр эң эле чабалы, такыр ишке жарабаганы—менмин. Мындай чабал жана ишке жарабаган кишини жетекчи кызматка койбош керек. Жетекчилик жумуштан кетишим керек, ооба, кетишим керек. Менден күчтүүрөөгүн, ишенимге татыктуураагын тандап алышсын. Ж. деген М. жанында болбосо, басып жүргөн бир сөлөкөт Сөлөкөттөр адамдарды башкарбашы керек.

22.08.1928

… Серафимовичтин “Железный потогун” окуп жатам. Бул көтөрүлгөн элдин каарман күрөшүнүн бир үзүмү экен. Бул китепти сүйүктүүм-М. мага белекке берген. Китептегидей өз элимдин Кожух баатыры боло аламбы? Билбейм, билбейм, себеби өзүмдү өзүм тааный албай кетем. Менин кайсы бир сапаттарым өзгөрүлүп кеткендей, бирок кайсы сапаттарым? Аны да билбейм. Кандайдыр бир сыйкырлап койгондогудай айлампада калдым.

Ушул айлампадан чыга аламбы? Таң…Балким мени жөлөп-таяган бирөө болсо, чыгып кетээрмин. Эгер менин эң жакын, эң мыкты деген, жөлөгүнө муктаж болуп жаткан кишим мени таштап жатса, андан бөлөк ким мени жөлөп-таямак эле?

Поезд кечигип жатат, мунусу дагы ачуумду келтирүүдө. Мына, Пензага да жетип келдик. Бул жакта Наумчик менен Левка жашайт. Алар М. нын жакындары.

Аларды көргүм келип жатат. Албетте, сөзсүз көрүшөм. Бирок качан?

Башыма жакшы нерсе, маанилүү ой келбей жатат! Бул Жусуптун, революция үчүн күрөшүүчү, саясий ишмер катары күнү батып баратканынын башталышы эмеспи? Эгер ушундай болсо, анда М. өзүнүн В.сы үчүн абдан кымбат төлөгөн болот. М.нын бактысы үчүн адам саны бир кишиге кемисе эмне экен. Мейли, кемий берсин…

23.08.1928

4 саат кечигип, Москвага жетип келдим. Мындай нерсе Советтер Союзунда гана болот. Бул биздин темир жол транспортубуздун абалын билдирет. Абал мышык ыйлагыдай. Андан ары эмне болоорун, бир кудай билет. Бористикинде болдум…

Чоң театрда «Хованщина» коюлуп атыптыр. Бул М. нын эн сүйүктүү чыгармасы. Мен деле оюнду көргүм келди, бирок кечигип калыптырмын.

Кайрадан тамеки тарта баштадым. Ага берген убадамды аткара албадым. Бул начар белги. Ага болгон кусалык, келечегимдин бүдөмүк болгону, нервимдин чыңалышы кайрадан тамеки тартуга түрткү берди…

Орусчадан которгон Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты