Чолпон-Атада Жусуп Абдрахмановдун эстелиги ачылды
- 1 жыл мурун
Чолпон-Ата шаарында 24-декабрда Жусуп Абдрахмановдун эстелигинин ачылыш аземи болду.
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өлкөдө кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрүнүн бири, кыргыз элинин чыныгы баатыры Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган иш-чаралар жыл бою өткөнүн эске салды.
Анын айтымында, мындай иш-чаралар кийинки жылдары дагы уланат.
Казакстандын Алмата шаарында ноябрда, Сүйүнбек Касмамбетовдун айтымында чыгаан мамлекеттик ишмердин 120 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция болуп өткөн.
Муну бөлүшүү