Арзыбек Кожошев Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борборунун ишин сынга алды

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борборунун ишин сынга алды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Кожошев аталган жайга күтүүсүз текшерүүгө барганда кызматкерлердин теңине жакыны иш ордунда болбогону аныкталган.

Мындан улам «борбордогу тейлөөнү жакшыртууга бир апта убакыт берилди жана жумушуна кайдыгер мамиле кылган кызматкерлерге, жетекчилерге чара көрүлөрү эскертилди», — деп айтылат маалыматта.

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Салык кызматы Ишкерлерди колдоо борборунун былтыр ноябрда ачкан. Анын максаты шаардагы ишкерлерди тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, мамлекеттик кызматтар тууралуу толук кеп-кеңеш, маалымат берүү болот деп айтылган. Бирок соңку учурда бул жайдын иши тууралуу доомат-сын көбөйгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты