«Түндүк электр» Бишкекте карызы бар жети миңден ашык абоненттин жарыгын өчүрөт

  • 2 года мурун

«Түндүк электр» ишканасы 11-январдан тартып Бишкектеги карызы бар 7 миң 100 абоненттин электр жарыгын аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы кабарлады.

Ишканадан билдиришкендей, Бишкек шаары боюнча абоненттердин жалпы дебитордук карызы 11,1 млн сомду түзгөн.

Абоненттер эсебинде канча карызы бар экенин ишкананын расмий сайтындагы «Абоненттин балансы» бөлүмүнөн, 1209 кыска номеринен жана 0551 001209 WhatsApp номеринен биле алат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты