Кыргызстан «Камбар-Ата 1» ГЭСин өз каражатына курууну караштырууда

  • 2 года мурун

Кыргызстан «Камбар-Ата 1» ГЭСин өз каражатына куруу мүмкүнчүлүктөрүн караштырып жатат. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев «Азаттык» радиосуна курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү ири объектти куруу боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бекмурзаев бул долбоорду Кыргызстан өз каражатына ишке ашырса жакшы болорун, мындай мүмкүнчүлүктөр каралып жатканын кошумчалады:

«Камбар-Ата 1» ГЭСин өз каражатыбызга салсак жакшы болмок. Биздин бетке кармай турган бир долбоорубуз жок. Оптимизация, азыркы реформалардын негизинде каражаттар үнөмдөлүп, анын баарын жаңы кубаттуулук үчүн жумшалышы керек», — деди Бекмурзаев.

Министр «Камбар-Ата 1» ГЭСинин алгачкы агрегатын үч жыл аралыгында ишке киргизүүгө болорун кошумчалады.

«Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу өткөн кылымдын 80-жылдарында эле пландалган. Ал Нарын дарыясынын жогорку жагында, Жалал-Абад облусунун аймагында курулушу керек.

2010-жылдан тартып кыргыз бийлиги долбоорду ишке ашырууну ойлоп, Орусия менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскады жана «Камбар-Ата 1» боюнча келишимге кол коюлган. Бирок бул долбоор ишке ашырылбаганы үчүн кыргыз тарап келишимди бир тараптуу токтоткон.

Адистер «Камбар-Ата-1» курулуп калса, Кыргызстандагы ГЭСтердин эң ириси болорун белгилешет. Кубаттуулугу –1860 МВт, жыл сайын 5 млрд. кВт/с электр энергиясын өндүрө алат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты