48 саатта тартуу: Борбор Азиялык сынакка катышкан кыргыз тасмалары көрсөтүлөт

  • 2 года мурун

«48 саатта тартуу»  деп аталган VII Борбор Азиялык кыска метраждуу тасмалар сынагынын алкагында жаралган Кыргызстандын тасмалары Бишкекте 8-августта саат 19:00дө “Бродвей” кинотеатрында (Чыңгыз Айтматов пр., 3) көрсөтүлөт.

Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

48 Hour Film Race48 Hour Film Race – Борбор Азия мамлекеттеринин киносүйүүчүлөр жана профессионалдык командаларынын жыл сайын өтүүчү сынагы. Анын шарты боюнча, сынакка жиберилген бардык тасмалар кинотеатрларда көрсөтүлүшү керек.

Сынакка Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын 18 жашка толгон жараны катыша алат.

Конкурска катышуучулар 48 саатта 4 мүнөткө чейинки тасма жаратышы керек. Быйыл сынакка 1000ге жакын арыз түшкөн. Кыргызстандан 174 арыз түшүп,  26сы  катышууда.

Мелдештин башталышында командаларга  тапшырма берилет.

2022-жылы «Мыкты тасма» номинациясынын жеңүүчүсү Нью-Йоркко бир айлык интенсивдүү кинорежиссер курсуна бармакчы.  «Эң мыкты студенттик тасма» жана «эң мыкты  үйрөнчүк тасма» сыйлыгынын жеңүүчүлөрү Нью-Йорк кино академиясынын (NYFA) онлайн стипендиясын алышат.

Сынактын жанрдык номинациялары: «Мыкты комедия», “Мыкты экшн»,  «Мыкты драма/романс», «Мыкты коркунучтуу/триллер», «Мыкты илимий фантастика».

Ал эми жеңүүчүлөрдү аныктай турган гала-шоу сентябрдын аягында Алматыда өтөт.

Сынакты АКШнын Казакстандагы дипломатиялык өкүлчүлүгү  New York Film Academy’ нин өнөктөштүк негизде уюштурууда. Киносүйүүчүлөр, студенттер жана профессионал кинорежиссерлор үчүн сынак АКШнын Казакстандагы Дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен 2015-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты