ДССУ коронавируска каршы дагы бир вакцинаны колдонууга уруксат берди

  • 2 года мурун

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус инфекциясына каршы иштелип чыккан Covovax вакцинасын колдонууга уруксат берди. Бул тууралуу UN News кабарлады.

Маалыматка ылайык, уюм Covovaxты өзгөчө кырдаалдар учурунда колдонулуучу дармектердин тизмесине киргизди. COVAX демилгеси аркылуу вакцинаны башка өлкөлөргө чыгаруу үчүн дармек аталган тизмеге кириши шарт.

ДСУ Covovax COVID-19га каршы күрөштө уюмдун стандарттарына жооп берет деген тыянакка келген. Аталган препарат менен эмдөө эки доза менен жүргүзүлөт. Вакцинаны Целсий боюнча 2 даражадан 8 даражага чейинки температурада сактоо керек.

Covovax Индияда америкалык Novavax компаниясынын лицензиясы менен өндүрүлөт. Ал ДСУ тарабынан колдонууга уруксат берилген тогузунчу вакцина болуп калды . Буга чейин өзгөчө кырдаалдар учурунда колдонулуучу дармектердин тизмесине Modernа, Pfizer, Janssen (Johnson&Johnson), AstraZeneca, кытайда өндүрүлгөн Sinopharm жана Sinovac, ошондой эле Индияда иштелип чыккан Covaxin и Covishield препараттары киргизилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты