Жасалма эмдөө сертификаттарына байланыштуу бир канча дарыгер иштен алынды
- 3 года мурун
Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы вакцина алгандыгы тууралуу жасалма сертификат берилген фактылардан улам бир катар дарыгерлер иштен алынганын билдирди.
Ага ылайык, Бишкектеги №2, №8, №10, №11, №19, 20 медицина борборлорунун жетекчилери, бир медайым иштен алынды. Ошондой эле Ленин райондук үй-бүлөлүк медицина борборлору боюнча бөлүм башчы өзү жазган арыздын негизинде кызматтан кетти.
Чогулган материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 7-декабрда эмдөө сертификаттарынын сатылышын иликтеген комиссия түзүлгөнүн билдирген. Ага чейин айрым журналисттер вакцина тууралуу жасалма маалымдамалар берилип жатканын иликтеп чыгышкан.
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнүн жеке QR-код ыйгарылган санарип сертификаттар 2021-жылдын июль айынан тартып берилет. Документти COVID-19га каршы эмделгендер, акыркы 6 айда коронавирус менен ооругандар же ПЦР тесттин үч күнгө жарактуу жыйынтыгы барлар алышат.
Кыргызстанда 18 жаштан өткөндөргө коронавируска каршы эмдөө кампаниясы 2021-жылдын 29-мартында башталган. 18-ноябрдан баштап 16 жашка толгондорго вакцина алууга уруксат берилген. Препараттын кошумча дозалары алынып келингенде 12 жаштан баштап алса болору айтылган.
Өлкөдө COVID-19 инфекциясына каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. Вакцина бир адамга эки дозада берилет, арылыгы 21 күн болууга тийиш. Каалоочулар үчүнчү (бустер) дозаны да алат.