Ош: шайлоо тилкесинен чыккан чекте эки партиянын аты чийилип калган

  • 2 года мурун

Ош шаарындагы №5271 шайлоо тилкесинде автоматтык түрдө эсептөөчү урнадан (АСУ) чыккан чекте эки партиянын аты чийилип чыгууда. Бул тууралуу T-MEDIA маалымат порталы жазды.

Чектеги партиялар көрсөтүлгөн тизмеден «Бүтүн Кыргызстан» жана «Багыт» партияларынын чийилип калганын көрүүгө болот.

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Бакыт Алматовдун «Т-Медиага» билдиришинче, бул жагдай техникалык себептерден улам келип чыккан.

«Бизге маалымат түшкөн. Кечээ бүт баарын тестирлөөдөн өткөргөнбүз. Баары жакшы болгон. Азыр мобилдүү топ оңдоо үчүн чыгып кетти. Бул техникалык гана ката. Чекти чыгарып жатканда ушундай болуп калган. Кайра калыбына келет» , — деди Алматов.

Бүгүн, 28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54тү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты