Улуттук банк жыл башынан берки он үчүнчү интервенциясын жасады

  • 2 года мурун

Улуттук банк 26-ноябрда валюта базарына интервенция жасап, 44 млн 650 миң доллар сатты. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында айтылат.

Бул жыл башынан бери жасалган он үчүнчү интервенция. 23-ноябрда башкы каржы көзөмөл мекемеси валюта базарына 70 млн 300 миң доллар сатып, жылдын эң ири интервенциясын жасаган.

Интервенция доллардын курсун кармап туруу үчүн жасалат. Учурда акча алмаштыруучу жайларда доллар 84,9 сомдун тегерегинде болуп жатат. Улуттук банктын расмий сайтында (28-ноябрга карата) доллардын курсу 84,7 сом деп көрсөтүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты