Улуттук банк жыл башынан берки эң ири интервенциясын жасады

  • 2 года мурун

Улуттук банк 23-ноябрда валюта базарына дагы бир жолу ири интервенция жасап, 70 млн 300 миң АКШ долларын сатты. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында айтылат.

Бул үстүбүздөгү жылдын эсебинен жасалган эң ири интервенция болуп калды.

Жыл башынан бери Улуттук банк жалпы 12 жолу интервенция жасап, валюта базарына 517 млн 50 миң доллар сатты.

Интервенция доллардын курсун кармап туруу үчүн жасалат. Учурда акча алмаштыруучу жайларда доллар 84,9 сомдун тегерегинде болуп жатат. Улуттук банктын расмий сайтында (24-ноябрга карата) доллардын курсу 84,8 сом деп көрсөтүлгөн.

2020-жылы башкы каржы көзөмөл мекемеси 518,5 млн. доллар саткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты