Кыргызстанда нандын баасы бир жыл ичинде дээрлик 10 пайызга кымбаттады

  • 3 года мурун

Кыргызстанда нандын чекене баасы өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 10 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

2021-жылдын 24-ноябрына карата нанга болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 52,76 сомду түзгөн жана өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 9,9 пайызга жогорулаган. Ал эми жапма нандын 1 кг 76,38 сомду түзүп, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18,1 пайызга өскөн.

Нандын чекене баасы эң жогору аймактар: Ноокат району (бир кг үчүн 69,57 сом), Токтогул району (бир кг үчүн 70,07 сом), Кара-Суу шаары (бир кг үчүн 75,63 сом). Ал эми минималдуу баалар Каракол (бир кг үчүн 41,73 сом), Токмок (бир кг үчүн 45,66 сом) жана Кара-Балта (бир кг үчүн 49,42 сом) шаарларында катталган.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу нанга болгон баанын эң көп өсүшү Талас (28,6%), Токтогул (25%) жана Кара-Балта шаарында (15%) байкалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты