Статком: Кыргызстанда калктын саны 10 ай ичинде дээрлик 100 миң адамга көбөйдү

  • 3 года мурун

Кыргызстанда калктын саны былтыркы жылдын январь-октябрь айларында 1,5% же 98 миң адамга көбөйүп, жалпысынан 6 миллион 735 миңге жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Статистика комитетинен билдиришкендей, Кыргызстанда калк эң көп отурукташкан аймактар – Ош, Жалал-Абад, Чүй облустары жана Бишкек шаары.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны чет мамлекеттерде эмгек миграциясында экени бейрасмий айтылып келет, алардын көбү Орусияда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты