Кыргызпатент авторлор арасында сынак жарыялайт

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) проза, драма, иллюстрацияланган балдар көркөм адабияты жана илимий популярдуу чыгарма номинациялары боюнча авторлордун арасында сынак жарыялайт.

Чыгармалар 2021-жылдын 25-ноябрынан 2022-жылдын  30-апрелине чейин кабыл алынат.

Негизги талаптардын бири — сынакка катышып жаткан эмгектер мурда эч жерде жарыяланбаган болушу керек.

Чыгарманын көлөмү А4 форматтагы Microsoft Word документи тибинде, Times New Roman арибинде, 14-өлчөмдө терилип (саптардын аралыгы – 1,15), 150-600 беттен ашпоого тийиш.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө чыгармачылык иштеринин жарык көрүүсүнө финансылык жардам көрсөтүлөт.

Сынакка 30 жаштан жогору авторлор катыша алат.

Сынактын жобосу менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышып чыгууга болот: http://patent.kg/wp-content/uploads/2021/11/Улуттук-сынак-жобо-КЫРГ.pdf

Сынакка Жобонун №1тиркемесине ылайык өтүнмөнү толтуруп, 2022-жылдын  30-апрелине чейин Катчылыктын [email protected] электрондук почтасына же болбосо Кыргызпатенттин дарегине: 720021, Бишкек шаары, Москва көчөсү 62ге жөнөтүү керек.

Байланыш телефондору: (0312) 68-04-71, (0700) 84-83-29, (0552) 84-83-29

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты