Тажикстан менен чектеш жерден кыргызстандык жарандын сарайы өрттөнүп кетти

  • 3 года мурун

Баткен районунун Дахма аймагындагы кыргыз-тажик чек арасына жакын жерден жергиликтүү тургундун сарайы күйүп кетти. Бул тууралуу УКМКнын алдындагы Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү органдар өрттүн келип чыгуу себебин аныктоо үчүн иликтөө иштерин баштады.

«Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты