Мектеп окуучулары 8-ноябрдан тартып каникулга чыгышат
- 2 years мурун
8-ноябрдан тартып мектеп окуучулары бир жумалык каникулга чыгышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Кыргызстандагы жалпы билим берүү мекемелеринде биринчи чейрек ушул жуманын аягында, 5-ноябрда аяктайт. 8-ноябрдан 14-ноябрга чейин бир жумалык каникул болот. Экинчи чейректин сабактары 15-ноябрда башталат.
Эске сала кетсек, быйыл окуу жылы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 15-сентябрда башталган.
Муну бөлүшүү