«Алтын балалыктын» курулушу үчүн уюштурулган марафондо 30 млн 90 миң сом чогулду

  • 2 года мурун

Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Алтын балалык» медициналык-реабилитациялык комплексинин курулушун аяктоо үчүн уюштурулган марафондо 30 миллион 90 миң сом чогулду. Бул туурасында президент Садыр Жапаровдун аталган борборго болгон сапарында белгилүү болду.

Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, Садыр Жапаров, бүгүн, 30-октябрда «Алтын балалык» реабилитациялык борборунун курулуш иштери менен таанышып келди. Комплекс менен толук таанышып чыккан соң мамлекет башчысы курулуш иштерин тездетип, борборду 2022-жылдын 1-июнуна чейин пайдаланууга берүүнү тапшырган.

Белгилей кетсек, октябрь айында борборду ишке киргизүү үчүн каражат чогултуу максатында кайрымдуулук марафону жарыяланган. Марафондун жыйынтыгында 30 миллион 90 миң сом чогулганы белгилүү болду.

“Алтын балалык” борборун Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева түзгөн “Мээрим” кайрымдуулук фонду 2000-жылы кура баштаган. 2005-жылы бийлик алмашып, Акаевдер өлкөдөн чыгып кеткен соң борбор Саламаттыкты сактоо министрлигинин балансына өткөрүлүп берилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты