Баткенде маңзат сатууга шектелип Тажикстандын жараны кармалды

  • 3 года мурун

Баткен облусунда баңгизатын сатууга шектелип чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Жаштык айылынын кыргыз-тажик чек арасына жакын аймагынан 9 кг 521 грамм афган гашиши менен Тажикстандын жараны кармалган.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 267-беренеси («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо») боюнча катталып, шектүү З. З. Лейлек РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты