Ирактан кайтарылып келген кыргызстандык балдар жөнүндө маалымат берилди

  • 2 года мурун

Бүгүн, 26-октябрда Бишкекте Сирия менен Ирактагы согуш талаасынан кайтарып келген жарандарды реабилитация кылуу боюнча Борбор Азиянын аймактык конференциясы өтүп жатат.

Жыйында Ирактан кайтарылып келген кыргызстандык балдар тууралуу маалымат берилди. Ага ылайык, быйыл жазында Кыргызстан «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактагы качкындар лагеринен 79 баланы кайтарып келген. Алардын кичүүсү үч, улуусу 18 жашта.

Кайтарылгандардын 39у уул, 40ы кыз бала.

Бүгүн белгилүү болгондой, балдар Ирактын борбору Багдад шаарындагы атайын абак жайларында энелеринин жанында болушкан. 79 баланын 37си Ирак, Сирия жана Түркия өлкөлөрүндө төрөлгөн.

Эки баланын туугандары Токмок шаарында, калган 77синин жакындары Ош (51), Жалал-Абад (17) жана Баткен (9) облустарында экени аныкталган.

Өкмөт балдар менен дарыгерлер, психологдор жана социалдык кызматкерлер иштеп жатышканын, документтери бүткөндө туугандарына өткөрүлүп берилерин билдирген.

Бүгүнкү жыйында балдар бакчага жана мектепке барып, коомго аралашуу этабынан өтүп жатышканы айтылды.

Бүгүнкү жыйынга Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышууда. Анда айтылгандай, Сирияга жана Иракка чет өлкөлүк согушкер-террорчу катары аймактан жалпысынан 4 миңдей адам кеткен. Натыйжада эркектеринин көбү ошол жакта каза болуп, аялдары жана балдары же качкындар лагеринде, же абакта кармалууда.

Сирия жана Ирактан Казакстан 600дөн ашуун, Өзбекстан 200дөй жаранын (аялдар жана балдар), Тажикстан Ирактан 84 баласын кайтарган.

2021-жылдын 1-февралындагы маалыматка караганда, Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерде репатриация күтүп жаткан балдардын саны 27,5 миңдин тегерегинде болчу.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты