Кемин районунун тургундары ноябрь айынан тартып бекер медициналык кароодон өтө алышат

  • 2 года мурун

Ноябрь айында калкты акысыз медициналык кароодон өткөрүүчү мобилдик клиника ишин баштайт.

Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан берилген мобилдик медициналык комплекс кечээ, 24-октябрда Кемин районуна барып жайгашты.

Бул тууралуу Kaktus.media Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянып жазды.

Белгилей кетсек, ушул жылдын май айында Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанга заманбап шаймандар менен жабдылган 8 трейлер жана эки кичи автобустан турган мобилдик медициналык комплексин өткөрүп берген.

Клиника норвегиялык компаниянын буйрутмасы менен Түркияда чогултулуп, Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган.

Мобилдик клиника Ford маркасындагы оор жүк ташуучу унааларга чиркелген. Клиниканын базасында компьютердик томография, УЗИ аппараты, маммограф, рентген аппараты, гастроскоп, колоноскоп, офтальмоскоп, риноскоп, эхокардиограф сыяктуу медициналык жабдууларды камтыган диагностика бөлүмү, биохимиялык жана башка анализдер үчүн лабораториялык жабдуулар, ошондой эле операциялык бөлүмү бар. Мындан тышкары мобилдик клиниканын курамында калкты ташуу үчүн кичи автобустар жана С классындагы тез жардам унаасы бар.

Кошумчалай кетсек, долбоор 5 жылга эсептелген. Бул убакыт аралыгында клиника өлкөнүн бардык аймактарында болуп, калкка акысыз медициналык кызмат көрсөтөт. Макулдашууга ылайык, беш жыл аралыгында мобилдик клиниканын иши, дары-дармек, айлык акы, медицина кызматкерлеринин тамак-ашы жана башка чыгымдар Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты