Бишкек – Нарын — Торугарт жолунун жээгине көчөт отургузулду
- 1 год мурун
15-февралда Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун боюна өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) токой кызматы «Жашыл мурас» улуттук өнөктөштүк алкагында ийне жалбырактуу дарактын көчөттөрүн отургузушту.
Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматта айтылгандай, долбоордун алкагында бардыгы болуп 2000 түп тянь-шань карагайын отургузуу пландалган.
Иш-чара өзгөчө кырдаалдар министрлигинин токой кызматы, Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Кемин райондук мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан уюштурулду.
29-январда 500 түп ийне жалбырактуу, тянь-шань карагай отургузулган.
Өнөктөштүктүн негизги максаты — аймактагы экологиялык абалды жакшыртуу, ошондой эле жол аймактарындагы жашылдандыруу иштерин күчөтүү.
Бул жылы Кемин районунан Балыкчы шаарына чейинки унаа жолунун 50 чакырымдык бөлүгүндө бак отургузуу каралган.
Сүрөт: ӨКМ




