Ош шаарына жылуулук берилди

  • 2 года мурун

Ош шаарына жылуулук берилди. Бул тууралуу «Электр станциялары» ЖАКы билдирди.

Компания билдиргендей, жылуулук алгач саламаттыкты сактоо, билим берүү объектилерине жана бала бакчаларга берилет.

«Ош ЖЭБи 5 өндүрүш объектисин, 84 бюджеттик уюмду, 17 804 батирди жана 192 жер үйдү, мындан тышкары 323 ар кандай объектти жылуулук менен камсыздайт. ЖЭБдин балансында жалпы узундугу 58,474 чакырым болгон суу түтүктөрү жана кварталдык жылытуу тармактары бар», — деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты