Министр: «Кара-Кече» көмүр кенинде байытуучу завод куруу маселеси каралып жатат

  • 3 года мурун

Энергетика жана өнөр жай министрлиги «Кара-Кече» көмүр кенинде байытуучу завод куруу маселесин карап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда аталган мекеменин жетекчиси Доскул Бекмурзаев Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Депутат Дастан Бекешов Монголияда дагы экологиялык катастрофа болуп, абалдан байытылган көмүрдүн жардамы менен чыгышканын белгилеп, министрге монголдордун тажрыйбасын карап көрүүнү сунуштады.

Министр Доскул Бекмурзаев учурда аталган маселе министрликте каралып жатканын билдирди.

«Генерацияны көбөйтсөк, калкка электр энергиясы менен жылынууга мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Бул учурда ыш маселеси жаралбайт. Ооба, көмүрдү байытуу маселеси курч бойдон турат. Мен жакында эле «Кара-Кече» көмүр кенинде болуп келдим, ал жакта байытуучу завод куруу үчүн жер караштырдык. Кыргызстандын ичинде өндүрүлгөн көмүрдүн бардыгы байытылышы керек».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты