Жогорку Кеңеш Токон Мамытовдун отставкасын кабыл алды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары акыйкатчы Токон Мамытовду кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотушту. Анын отставкасы үчүн 68 депутат добуш берди.

Белгилей кетсек, Мамытов 18-октябрда шайлоого катышып жатканына байланыштуу кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган.

Буга чейин белгилүү болгондой, ал алдыдагы парламенттик шайлоого “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан катышып жатат. 

Мыйзамга ылайык, шайлоого аттанган саясий же муниципалдык кызматты ээлеген адам кызматын тапшыруусу керек. 

Токон Мамытов акыйкатчы кызматына 2018-жылдын сентябрында дайындалган.

2010-жылы “Ар-Намыс” партиясынан ЖКнын V чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты