Милиция Ошто асынып калган аялдын өлүмү боюнча маалымат берди

  • 2 года мурун

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы асынып калган аялдын өлүмү боюнча маалымат берди.

Маалыматка ылайык, 30 жаштагы А. Н.нын сөөгү «Туран» Муниципалдык аймактык башкармалыгынан табылган. Ал апасы жашаган үйдүн кире беришинде асынып калган.

Милицияга окуя тууралуу кабар кечээ күнү саат 15:30дар чамасында түшкөн.

Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 137-беренеси («Өзүн-өзү өлтүрүүгө түрткү берүү») боюнча катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Маркумдун артына жашы жете элек үч баласы калды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты