27-июнда айрым жерлерде ичүүчү суу токтотулат
- 12 месяцев мурун
Эртең, 27-июнда, Бишкектин айрым жерлеринде саат 10:00дөн 24:00гө чейин турак жай, социалдык-турмуш тиричилик жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү суу токтотулат.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Өчүрүү райондору:
Арстанбек Дүйшеев көчөсү – Түштүк зона – Аалы Токомбаев көчөсү.
Сууну өчүрүү суу түтүгүн алмаштыруу менен байланыштуу.
“Бишкек суу канал” мамлекеттик ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты алдын ала сууну камдап алууга чакырат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




