Улуттук банк октябрь айындагы экинчи интервенциясын жасады

  • 3 года мурун

Кечээ, 14-октябрда Улуттук банк финансылык рынокко интервенция жасап, 30,2 млн. долларды сатыкка чыгарды. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында айтылат.

Ошону менен бул өлкөнүн башкы банкынын октябрь айындагы экинчи, жыл башынан берки тогузунчу интервенциясы болуп калды. Расмий маалыматка караганда, Улуттук банк бул жылы валюта базарына 341 млн. 350 миң доллар саткан.

Интервенция доллардын курсун кармап туруу үчүн жасалат. Учурда акча алмаштыруучу жайларда доллар 84,9 сомдун тегерегинде болуп жатат. Улуттук банктын расмий сайтында (15-октябрга карата) доллардын курсу 84,8 сом деп көрсөтүлгөн.

2020-жылы башкы каржы көзөмөл мекемеси 518,5 млн. доллар саткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты