Бишкек шаардык мэриясы жол кире акысынын жогорулашы боюнча түшүндүрмө берди

  • 2 года мурун

Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспорттогу жол кире акысынын жогорулашы боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, акыркы жылдары муниципалдык жүргүнчү ишканалардын техникалык бузулушуна жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелишине байланыштуу шаардык транспорттун кыймылдуу курамы кыскарган. Бүгүнкү күндө каттамга 120-128 троллейбус жана 85-95 автобус чыгып жатат.

Маалыматка ылайык, жүргүнчүлөрдү ташуунун дээрлик 85% жеке транспорттук компаниялар тарабынан жүзөгө ашырылат.

Мындан тышкары жол киренин кымбатташына муниципалдык жүргүнчү ишканаларында айдоочулардын жетишсиздиги жана жеке компаниялардын транспортту кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрүнө багыттап жатканы себеп болгону белгиленген.

«Натыйжада, Бишкек шаарынын тургундары акыркы бир нече жылдан бери шаардык транспорттук кызматтарды тиешелүү көлөмдө жана сапатта ала алышкан жок. Жагдайларды эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеши көптөн бери көтөрүлүп келген тарифтерди жогорулатуу боюнча токтомду кабыл алды. Бул факторлордон тышкары шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу тарифтерине күйүүчү майдын, запастык бөлүктөрдүн жана тетиктердин баасынын өсүшү олуттуу таасирин тийгизүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңеши 28-сентябрда борбор калаадагы коомдук транспорттун жол кире акысын көтөрүү боюнча токтом долбоорун жактырган. Жаңы тарифтер 2021-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет.

Бишкек шаардык кеңеши кабыл алган тарифтик сеткага ылайык, автобус менен троллейбустарда жол кире акысы 11 сом, ал эми маршруткада 15 сом болмокчу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты